Цифровая безопасность

60 мин

Журналисттер, активисттер жана алардын аудиториясы үчүн кибер коргоо

Академия РСЕ/РС
Аннотация:
Журналисттер жана алардын аудиториялары санариптик кол салуулар учурунда өздөрүнүн аяр абалын түшүнгөнү санариптик коопсуздук аспаптарын жана ыкмаларын туура тандоодо, ошондой эле аларды колдонууда өзөктүк маселе болуп саналат. Ошентип, санариптик коопсуздук Интернетте маалыматтын эркин агымы үчүн абдан маанилүү: ал журналисттерге коомдук кызыкчылыкты жараткан маанилүү темаларды коопсуз чагылдырууга мүмкүндүк берет, ал эми алардын аудиториясы өз коопсуздугун коркунучка кептебестен бул материалдарды эркин алып турат.
Об этом курсе:
Бул 12 сабактан турган киберкоопсуздук боюнча кабыл алууга оңой жана кызыктуу курс, аны кесиптештериңиз, досторуңуз жана жакындарыңыз менен бөлүшө аласыз. Биздин экспертибиз Кида аттуу кибер-үпүп сизге эң көп кездешкен санариптик чабуулдар жана мындай учурларда эмне кылыш керектигин айтып берет. Ошондой эле Кида өзүңүздү онлайн режиминде коргоп жатканда өзүңүзгө көбүрөөк кам көрүүгө үндөйт. Курсту башынан аягына чейин өтө аласыз, ал эми алган билимди жаңылоо зарылчылыгы чыкканда курска кайтсаңыз болот. Эмесе, чайды демдеп, окууга даяр болуңуз – Кида санариптик коопсуздугуңузду камсыз кылуу боюнча колдонмо менен сизди күтүп жатат!
Чему я научусь:
Бул курстан сиз онлайн коопсуздугуңузду камсыз кылуу үчүн сунушталган санариптик коргоо аспаптарын жана техникаларын кантип колдонсо болоорун үйрөнөсүз. Курс жеке санариптик тобокелдиктерди баалоодон башталат, андан кийин журналисттерге жана алардын аудиториясына багытталган эң көп кездешкен санариптик чабуулдар менен таанышууга өтөсүз. Сиз хакерлер кол салуу үчүн колдонгон ар кандай ыкмаларды түшүнүп, өзүңүз да, түзмөктөрүңүз да мындай чабуулдардын алдында канчалык аярлуу абалда болгонуна көзүңүз жетет. Кида менен бирге девайстарды жана аккаунттарды кантип коргосо болоорун, өзүңүздү аңдуудан (трекингден) сактоонун ыкмаларын, ошондой эле интернетти коопсуз пайдалануу жолдорун билип каласыз.
Что мне нужно знать:
Бул курс угуучулардан санариптик коопсуздуктун аспаптары жана ыкмалары жөнүндө кандайдыр бир баштапкы билимди талап кылбайт. Алар өз түзмөктөрү жана алар кантип иштей турганы жөнүндө маалыматка ээ болсо, бул өтө жакшы. Сунушталган тиркемелерге жана методикалык материалдарга шилтемелер QR-коддору аркылуу анимацияда берилет, ошондуктан катышуучулар телефондон интернетке кире алгыдай болуп даярданып келгени жакшы. Мындан тышкары, колдонуучулар ыктымалдуу тобокелдиктерди жана коркунучту, ошондой эле санариптик кол салууда ким же эмне коркунучта калаарын жакшылап ойлонушу керек. Бул талдоону колдонуп, угуучулар керектөөлөрүнө жараша артыкчылыктуу болгон сабактын темаларын өздөрү тандай алышат.
1.1 Кида менен таанышуу жана “Өзүңдү текшер” тести
2.1 Тобокелдиктерди баалоо
3.1 Фишинг
4.1 Хакер сиздин бутуга алганын кантип түшүнсө болот?
5.1 Ишенимдүү сырсөздөрдү түзөбүз. Аларды кайсы жерде сакташ керек?
6.1 Көп факторлуу аутентификациялоо
7.1 Активдүү сессиялар: Аккаунтарыңызды дагы кимдер колдонуп жаткандыгын текшерип алыңыз
8.1 Коопсуз баарлашуу
9.9 ВПН жана антитрекинг
10.1 Файлдар, камералар жана микрофондор
11.1 Жыйынтык чыгарабыз
12.1 Телефондорубузду коргойбуз

Похожие курсы

  • 60 мин

    Цифровая безопасность

    Киберзащита для журналистов, активистов и их аудитории

    Академия РСЕ/РС

    60 мин

    Академия РСЕ/РС

Рекомендуемое чтение

Перейти к навигации
0
0
  • Конфиденциальность
  • Условия использования